Туура бир ай мурун Театралдык гүл бакчасында белгисиз адамдар былтыр биз шаардыктар үчүн орноткон пианинону сындырып алышкан.

"Бишкекжашылчарба" МИнин кызматкерлери сындыргандарды изи сууй электе кармап калышкан. Биз укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык. Бир айдан кийин, сындыргандар жаңы пианинону орнотушту, анткени мурдагы пианинону оңдоого жарабай калган.

Аспап текшерилип, күүлөнүп, шаардыктарды музыкалык маанай тартуулоого даяр.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууну суранабыз. Эгерде сиз тартип бузууларга  күбө болсоңуз, анда дароо милицияга кайрылыңыз: 102.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!