Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Бүгүнтөн баштап биз жеңилдетилген категориядагы жарандарга Тулпар кызыл карталарын берүүнү улантып баштадык.

Эртең мененки 9:00дөн  кечки 18:00гө  чейин төрт райондогу тейлөө борборлорунда берилет.

Бардык берүү  пункттарында пенсионерлердин коопсуздугу үчүн санитардык талаптар сакталып, тазалагычтар орнотулуп, маска режими киргизилген.

Берүү  пункттары:

Ленин акимиаты - Чүй проспектиси, 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);

Октябрь акимиаты - Байтик Баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);

Свердлов акимиаты - Чүй проспектиси, 28 (7-апрель көчөсү менен кесилишет);

Биринчи май акимиаты - Жибек Жолу проспектиси, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет)

Тулпар карталарынын артыкчылыктары айдан ачык: транспорттун коопсуздугу, чыгымдардын ачык-айкындуулугу, эң башкысы накталай акча менен байланыш жок.

Урматтуу жүргүнчүлөр, карта менен төлөө автобустар менен троллейбустардын кире бериш эшиги аркылуу жүргүзүлөрүн  эскертебиз.

Шаардык коомдук транспорттун иши жөнүндө ой-пикириңизди калтырып, жол кыймылынын эрежелерин же санитардык талаптарды одоно бузгандыгына күбө болсоңуз, сүрөттөрдү  жана видео фактыларды бизге жибериңиз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg

Бишкек сүйүктүү шаарыбыз!