Урматтуу шаардыктар, куруучулар жана уюмдар! "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын  Инженердик жана жол инфраструктурасы башкармалыгы  жаңы асфальт төшөлгөнгө чейин эски инженердик тармактардын болжолдонгон жерлерин алмаштырууну өтүнөт.

Чындыгында, түтүктөрдүн өз убагында алмаштырылбаганы материалдык жана адамдык ресурстардын ашыкча чыгымдарына, ошондой эле жол курулушунун алкагында иштин бир кыйла солгундашына алып келиши мүмкүн. Инженердик тармактарды алмаштырууга байланыштуу, куруучулар объектилерди өз убагында бүтүрбөй, шаардыктарга ыңгайсыздык жараткан учурлар болгон.

Жер иштерин жүргүзүүгө ордер   алуу үчүн Капиталдык курулуш башкармалыгынын шаардын жолдорун  техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнө  кайрылыңыз: 312953, 0555312185. Ал эми жол иштерин  жүргүзгөн жана аяктаган уюмдардын тизмеси бул шилтемеде: https: // www.meria.kg/ru/post/20883

Эскерте кетсек, Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жол курулушун ишке ашырууну баштадык, анын алкагында дагы 60 көчө оңдолот. Оңдоо иштери пландалган жолдордун тизмеси менен таанышууга чакырабыз: https://www.meria.kg/ru/post/17923

Бишкек - сүйүктүү инфраструктуралык шаар!