Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому COVID-19 менен күрөшүү үчүн мобилдик топторго ыктыярчылар алынып жаткандыгы жөнүндө жарыялайт.

Борбор калаадагы эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, буга байланыштуу коом ооруп жаткан, айрыкча тобокел тобундагы адамдарга жардам берүүнү каалаган ыктыярчылардын тобун өлкө боюнча мобилизациялайт.

Ыктыярчы болуу үчүн, 18 жаштан жогору, иммунитетиңиз күчтүү, толук окуудан өтүп, COVID-19га чара көрүүгө даяр болуш керек.

Тандалган ыктыярчылар Кызыл Жарым Ай Коомунун жакынкы кеңсесинде окутулат. Окутуу  тренингинде биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча бир катар сабактар өткөрүлүп, анын ичинде COVID-19ду алдын алуу,  калыбына келтирүү,  биринчи медициналык жардам көрсөтүүдө жабдыктар менен иштөө, пандемияда өзүн-өзү коргоо жана башкалар үйрөтүлөт.

Эгерде сиз COVID-19 менен күрөшүүдө шаарга жардам берүүнү кааласаңыз, анкетаны толтуруңуз: _zzY2trjh_GMIQ/viewform жана уюштуруучулар менен байланыш номер: 0705 300190.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздага кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!