Урматтуу шаардыктар! Мэриянын 1840 жана 1850 колл-борбору кайрадан ишин жандантты.

Сентябрь айынын башынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 1 миң 205 арыз жана кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 485 кайрылуу катталып, 371- аткарылды, калганы ишке ашууда.

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК иши боюнча-118 кайрылуу, тышкы жарыктандыруу боюнча-57 кайрылуу, 2 кайрылуу  санитардык-экологиялык инспекциянын иши боюнча, ал эми 3 кайрылуу  – автобус жана троллейбус башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча келип түшкөн.

Калган чалуулар сурап билүү иреетинде болуп, жадакалса кышка консервация кантип кылышты сурагандар болгон.

Урматтуу шаардыктар! Эскерте кетсек, сиздер шаарыбыздын ишмердүүлүгүнө байланыштуу  бардык маселелерди 1840 жана 1850 кыска номерине калтырсаңыздар болот. Чалуулар күнү-түнү кабыл алынат, ал эми сүрөт менен көйгөйдү жазуу иреетинде 05544 182-185 номуруна жибериңиздер.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!