Мэр Азиз Суракматов Кыргыз Республикасынын Президентинин  убактылуу милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаровдун атына "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" мыйзамынын 24-беренесине ылайык, расмий түрдө мэрдин кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды.

А.Суракматов эмгек жамаатына шаардын мэринин  милдетин аткаруучусу Нариман Тюлеевди тааныштырды. Ал 2021-жылдын 11-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштейт, андан кийин жаңы мэр шайланууга тийиш.

Муниципалитеттин жамааты ушул эле курамда иштөөнү улантат, бирок кадрдык өзгөрүүлөр дагы болду.

Алмаз Бакетаев экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэр болду. Турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алимбек Абдылдаев вице-мэр статусун сактап калуу менен, шаардын турак-жай коммуналдык чарба маселелери боюнча мэрдин кеңешчиси болуп дайындалды.

Азиз Эмилбекович мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеевге жаңы  ишинде ийгиликтерди каалап, кызматтардын жетекчилери менен жылуу коштошуп, баарына ден-соолук жана ийгиликтерди, ошондой эле жетекчилерден  жумуш учурунда байкабай таарынтып алгандыгы үчүн кечирим сурады.

Бишкек шаарынын мэриясынын командасы Азиз Суракматовго шаар жана шаардыктарга кылган кызматы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет! Рахмат, Азиз Эмильбекович!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!