Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеевдин биринчи пландык жыйыны болуп өттү.

Мэрдин милдетин аткаруучу  вице-мэрлерге, акимдерге жана шаардык кызматтардын башчыларына бир нече артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.

Н.Түлеевди борбор калаадагы COVID-19 пандемиясынын кесепеттеринен келип чыккан экономикалык абал тынчсыздандырат. Мэрдин милдетин аткаруучу экономика жана каржы иштери боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаевге эртең менен эрте менен салык кызматынын райондук башкармалыктарынын башчыларын чогултууну тапшырды.

Н.Түлеев өлкөдө жана борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калып жаткандыгын,  шаарда COVID-19 оорулары көбөйгөн учурда өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даяр болуш керектигин белгиледи.

Ошондой эле, муниципалитеттин башчысынын милдетин аткаруучу шаардык кызматтар калаанын санитардык тазалыгын күчөтүшү, аба ырайынын шарттарына карабастан шаар таза болушу керектигин баса белгилеп өттү.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!