Мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Калаанын архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын жаңы орун басары - Молдобасаров Мирлан Камчыбековичти жамаатка тааныштырды. Буга чейин ал пландоо-экономикалык бөлүмүнүн башкы адиси кызматын аркалап келген.

Ал бош административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо боюнча сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынды.

Бишкек - сүйүктүү квалификациялуу шаарыбыз!