Театралдык гүл бакчасында  шаар тургундары үчүн орнотулган пианино белгисиз адамдар тарабынан кайрадан сындырылды. Тилекке каршы, пианинону калыбына келтирүү мүмкүн эмес, зыян өтө олуттуу жана аны кайрадан алмаштырууга туура келет.

Биз укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык.

Баса, жакында белгисиз адамдар пианинону бузуп кеткен, алардын изи сууй электе кармоого жетишип, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганбыз. Бир айдан кийин сындырып кеткен адамдар жаңы пианинону орнотушту.

Урматтуу шаар тургундары! Муниципалдык менчикке аяр мамиле кылыңыздар! Эгерде сиздер тартип бузулуп жатканына күбө болсоңуздар, дароо милицияга кайрылыңыз: 102.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!