Кечээ, 20-октябрда мэрдин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына чакырылган.

А.Абдылдаев "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына байланыштуу маселе боюнча күбө катары чакырылган. Ал маселени ар тараптуу изилдөө үчүн кеңири маалымат берди.

Бүгүн эртең мененки саат 8:00дөн баштап мэрдин кеңешчиси - вице-мэр шаардын турак жай-коммуналдык чарба маселелерин чечип, жумушта.

Эскерте кетсек, А.Абдылдаев 2011-2019-жылдары "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасында иштеген.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!