Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев жана экономика жана каржы боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаев мамлекеттик салык кызматынын райондук  башкармалыктарынын башчылары менен жолугушту.

Жолугушууда 2020-жылдын 9 айында шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө маселе каралды.

Вице-мэр А.Бакетаев быйыл бюджетке план  боюнча 7 миллиард 659,7 миллион сомдун  6 миллиард 230,8 миллион сом түшкөндүгүн айтты. Тилекке каршы, кирешенин жоголушу COVID-19 пандемиясы жана борбордогу экономикалык иштин убактылуу токтошу менен байланыштуу.

Белгилей кетсек, борбордун кирешесинин негизги бөлүгүн салыктык кирешелер түзөт, ал  - 4 миллиард 861,1 миллион сом. Анти-рейтингди Свердлов районунун салык кызматы көтөргөн, мында пландын аткарылышы болгону 83,4% ды түзөт, калган райондордун аткарылышы 91-95% га чейин.

Мэрдин милдетин аткаруучу Н.Түлеев төрт райондун МСКБ  башчыларына бир жуманын ичинде кырдаалды талдап, салык чогултуу боюнча планды аткарууну же кызмат ордун бошотуп берүүнү тапшырды.

Кирешелер боюнча жолугушуулар эми жума сайын өткөрүлөт.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!