Шаар өз ишин улантууда. Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында аким Мурат Осмоновдун райондук жана шаардык кызматтардын башчыларынын катышуусунда кезектеги пландык жыйыны өткөрүлдү.

Биз 2020-жылдын 9 айында “Бишкекжарык”, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканалары тарабынан аткарылган иштер боюнча отчетту кабыл алып, райондогу мектептердин базаларында даярдалган күндүзгү стационарлардын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун текшердик.

Жыл башынан бери Свердлов районунун аймагында 2 миң 237 светодиоддук чырак орнотулуп, 305 чырак алмаштырылды, 33,25 км өзүн-өзү камсыз кылган изоляциялык зым (СИП) тартылды, 12,1 км электр чубалгылар оңдолуп, жаңыртылды.

Белгилей кетсек, 1-октябрга карата райондун көчөлөрүнө 10 миңден ашык чырак жарык берүүдө.

Район башчысы "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын ишин сынга алды, Свердлов районунун жашоочулары жолдорду оңдоо жана калыбына келтирүү иштери өз убагында жүргүзүлбөй жаткандыгына нааразы. Эскерте кетсек, быйыл райондун аймагында жалпы узундугу 4 миң 893 км 12 көчөнү оңдоо каралган.

Күндүзгү стационарлар даярдалып бүттү, керек болгон учурда тез эле ачылат. Свердлов районунун жашоочулары үчүн №4 мектепте (Огонбаев Атай көчөсү, 207) 50 орундуу жана №65 экологиялык-экономикалык лицейинин базасында 60 орундуу стационарлар даярдалды.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номуру аркылуу колл-борборуна кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номуруна жибериңиздер.

Биз ар дайым байланыштабыз! Свердлов районунун тургундары! Сураныч, райондун социалдык тармактарындагы аккаунттарына жазылыңыз: https://www.facebook.com/SRABishkek

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!