Маршруттардын, автобустардын жана троллейбустардын айдоочуларын, ошондой эле шаардык транспорт, троллейбус башкармалыктарынын,  Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын кызматкерлерин  кесиптик майрамы менен чын  жүрөктөн куттуктайбыз.

Майрамдын урматына транспорт кызматкерлеринин арасында футбол боюнча достук мелдеши уюштурулду.

Финалдык оюнда Троллейбус башкармалыгынын командасы пенальти сериясында Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын командасына караганда күчтүү болду.

Күн сайын троллейбус жана автобус  башкармалыктарынын 1000ге жакын кызматкери, 1200 кичи автобустун айдоочулары калаада  жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышат.

Шаар үчүн оор күндөрдө, пандемия күч алып турганда айдоочулар жана транспорт кызматкерлери вирустун жайылышына каршы күрөшүүдө  чоң салым кошту.

Бүгүнкү күндө коомдук транспортту реформалоо боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.

«Тулпар» электрондук билеттөө  долбоору иштелип чыгып,  колдонууга берилд.

Көлөмү чоң, экологиялык таза автобустарды сатып алуу пландалууда.

Урматтуу айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен  чын жүрөктөн куттуктайт жана ийгиликтерди каалайт.  Сиздердин ишиңиздер  биз үчүн - шаардыктар үчүн абдан маанилүү!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!