Борбор калаанын турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча жаңы вице-мэри Жамалбек Ырысалиев коммуналдык чарба кызматтарынын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.

Ал “Ынтымак - экинчи кезек” жаңы паркынын курулушунун жүрүшү менен таанышты, ал жерде “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын  кызматкерлери учурда жер иштерин жүргүзүп, тротуарларды төшөп, спорттук аянтчаларды даярдап, унаа  токтоочу жайларды жасап жатышат.

Ошол эле учурда, фонтандар орнотулуп жатат, сугат тармактары тартылып, Hunter автоматтык сугаруу тутуму орнотулууда,  бул электр жабдууларынын эң заманбап комплекси, ал сууну керектөөнү жана кызматкерлердин убактысын кыйла оптималдаштырат. Жарыктандырууну орнотуу иштери дагы улантылып,  торшердик жана парк-бакчалык түркүктөр орнотулуп жатат.

Эскерте кетсек, жаңы паркта «Ротари Интернешнл» клубунан атайын Балдар үчүн инклюзивдик аянтча каралган, анда кичинекей жана өзгөчө бишкектиктердин таза абада эс алуусу үчүн шарттар түзүлөт.

Жаңы коомдук жайлардын курулушу график боюнча уланууда.

Жашыл аймакта "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжарык", "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканалары иштеп жатышат, долбоор «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан даярдалган.

Ошондой эле, вице-мэр Дэн Сяопин проспектиси  Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки салынып жаткан вело жолдун курулушун текшерди. Андан кийин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен таанышты.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!