Октябрь райондук администрациясынын жыйындар залында пандемия шарттарында үй-бүлөлүк зомбулук учурунда жардам берүү маселеси боюнча кризистик борборлордун ассоциациясы менен консультативдик жолугушуу болуп өттү.

Биз үй-бүлөлүк зомбулук учурундагы мобилдик топтордун иш-аракеттерин уюштуруу жана алгоритмин: максаттары, милдеттери, курамы жана иштөө тартибин талкууладык.

Урматтуу шаар тургундары! Балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген коркунучтар жөнүндө фактыларды күнү-түнү иштеген "111" ишеним телефону кабыл алат.

Шаардын төрт райондук администрациясында тең Балдар үчүн ишеним телефону иштейт:
- Биринчи май районунун ишеним телефону: 0 (312) 66-15-37;
- Октябрь районунун ишеним телефону: 0 (312) 51-03-75;
- Свердлов районунун ишеним телефону: 0 (312) 53-05-76;
- Ленин районунун ишеним телефону: 0 (312) 88-38-99.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!