Урматтуу ата-энелер жана балдар! Бүгүн, 2-ноябрдан баштап борбор калаанын мектептеринде күзгү каникул башталат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгынын "2020-2021-окуу жылынын 1-окуу чейрегинин аякталышын уюштуруу жөнүндө" буйругуна ылайык, мектеп окуучулары 10-ноябрга чейин эс алышат.

11-ноябрь - экинчи чейректин биринчи окуу күнү болот.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!