Урматтуу шаар тургундары! Кыш мезгилине даярдыктарды көрүүнүн алкагында “Көк-Жар” суу алгычын жана шаардык түтүктөрдү оңдоп түзөө иштерине байланыштуу эртең, 3-ноябрда, саат 9:00дөн 17:00 гө чейин Абдрахманов көчөсү 130, Тыныстанов көчөсү 60, 62, 64, Эркиндик бульвары 3, 5, 7, Түгөлбай-Ата көчөсү 69 даректериндеги турак үйлөрдө таза суу өчүрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча 1533 номерине чалсаңыздар болот.  Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылууларды күнү-түнү кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

“Бишкексууканал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.

Биз ар дайым байланыштабыз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Оорудан сак болуңуздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!