Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин Ардактуу жол кызматкери төш белгиси менен мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын шаардык жолдорду долбоорлоо-техникалык бөлүмүнүн башкы адиси Мамыр Жороев сыйланды.

М.Жороев өзүнүн карьерасында өзүн демилгелүү, жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү кызматкер катары көрсөткөн. Дал ушул адам борбордогу жолдорду реконструкциялоо боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга катышкан.
Ошондой эле шаардык жолдорду техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси Кубанычбек Шаршамбеков башкармалыктын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Биз кесиптештерибизди сыйлыктары менен куттуктайбыз жана аларга дагы көп ийгиликтерди каалайбыз.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!