Шаардык мэрия калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Ак-Ордо конушунун кире беришинде кирүү белгиси орнотулат.

Долбоордун эскизи даярдалды, аны «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын тапшырыгы менен «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иштеп чыкты.

Долбоорго ылайык, бийиктиги дээрлик 7,5 метр болгон кире бериш белгиси көлөмдүү тамгалар түрүндө түнкү жарык менен жасалып, Гагарин жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат (түштүк-батыш бурчу).
Жасалгалоо  материалдар катары бышык материалдарды колдонуу сунуш кылынат.

Айланасын  кооздолгон таман таштардан чакан жол түзүп, МАФ  орнотуп, жашылдандыруу, көрктөндүрүү сунушталууда.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!