Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Маданият – бул улуттун уңгусу, руханий уюткусу, элибиздин көөнөрбөс көркөм дөөлөтү. Сиздер кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын жана мурастарын келечек муундарга мурас кылып берип жатасыздар.

Бүгүнкү күндө республикада  миңдеген маданият кызматкерлери эмгектенсе, алардын басымдуу көпчүлүгү борбор шаарыбыздын үлүшүнө туура келет. Театрлардын, музейлердин, китепканалардын, балдар музыкалык мектептери жана жогорку окуу жайларынын басымдуу бөлүгү да борбор  калаабызда жайгашкан.

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына быйыл 75 жыл толду. Башкармалык өзүнө 42 ведомстволук мекемени, 28 китепкананы, 8 музей, 3 маданият үйүн, 1 театр, 10 мектепти жана 17 чыгармачылык жамаатты камтып, жалпысынан 1200 кызматкер эмгектенет.  

Шаарыбыздын маданият тармагынын кызматкерлери көптөгөн көйгөйлүү маселелерге карабастан, маданият мекемелеринин үзгүлтүксүз жана ийгиликтүү ишин камсыз кылып келе жатышат. Албетте, Сиздердин аткарган ишиңиздер айрым учурларда татыктуу белгиленбей, көңүлдөн четте да калышы мүмкүн, бирок эмгегиңиздер элибиздин алкоосуна татыктуу жана маанилүү экендигин баса белгилейбиз.

Урматтуу Маданият тармагынын кызматкерлери!

Сиздер талыкпаган эмгек менен биздин маданиятыбыздын нукура рухий байлыгын сактап, аны байытууга зор салым кошуп келесиздер. Сиздердин кесипкөй ишмердигиңиздер, маданияттуулуктун туу чокусуна болгон умтулууңуздар, жана аны башкаларга таратуудагы талыкпаган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат жашоо, ачык асман, чыгармачылык  ийгиликтерди жана  изденүүлөрдү каалайбыз!

Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясы