Шаар ишин улантат. Суук тушкөндө туруктуу жашаган жери жок жарандар үчүн  борбордо муниципалдык  баш калкалоочу жайлар  күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Мындай жайларга үйү жок адамдар көбүнчө өзүлөрү келип, жөн эле тамак ичип,  жылынып, кээ бирлери түнөп калышат.

Айта кетсек, баш калкалоого зар болгондорду укук коргоо  органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы жеткирип барат. Эгер сиз жардамга муктаж  болуп турган жарандарды көрүп калсаңыз, 102(милиция) жана 103(тез жардам) номерлерине кайрылсаңыздар болот.

Баардык борбордук баш калкалоочу жайларда коопсуздук үчүн дайыма РИИБнин кызматкерлери, үй-бүлөөлүк медициналык борборлорунун  даарыгерлери жана медайымдары системалуу кызмат кылат.

Октябрь районунда убактылуу баш калкалоочу жай №12 кичи райондогы  А. Токомбаев көчөсүндөгү жакшыртуу конбинатынын имаратында жайгашкан. Баш калкалоочу жай 80ден ашык адам батыра алат, азыркы учурда бул жерде 40 киши жашайт.

Буга чейин биз дубалдарды актап жана жылуулап, даары дармек, тиричилик буюмдарды, шейшептерди алдык, ванна, душ, раковина жан аристон орноттук.

Баш калкалоочу жай баардык жашоо шартына ылайыкталып, тургандарга күн сайын бир жолу ысык тамак берилет.

Октябрь районунун социалдык кызмат секторунун адиси Сталбек Эсенкулов. Телефон:511938, 0559180218.

Ошондой эле, Свердлов районунда мурунку районду жакшыртуу комбинатынын аймагында, Фере №34 А  дареги боюнча   жашай  турган жери жок адамдар үчүн  убактылуу баш калкалоочу жай даяр болду.

Бул жерде имаратт косметикалык ремонттон өткөрүлүп, терезелер айнектелип, электр энергиясын, шып менен пол, керебеттер жана тапчанардар ремонттолду. Мындан тышкары, жаңы матрацтар, жууркандар, жаздык, шейшептер алынган. Баш калкалоочу жай 40 киши ылайыкталган.

Свердлов районунун социалдык кызмат боюнча секторунун башкы адиси Эркин Мамаевдин телефону:360335, 0706168877.

Биринчи май районуну аймагында Жибек-Жолу 413 дереги боюнча жыл бою иштөөчү “Коломто” муниципалдык мекемеси иштейт. Ал 70 кишиге ылайыкталган.

“Коломтодо”  да түнөп кетүүгө, тамак ичип, медициналык кароодон жана  баштапкы санитариядан өтүүгө, ошондой эле жуунуп жана  кийимдерин кир жуучу жайда жууганга болот. Телефону: 304855

Ленин районунда “Кайрымдуулук бобору” КФда турмуштук оор кырдаалга туш болгон балалуу аялдар үчүн  баш калкалоочу жай бар, аларга бир жолу ысык тамак, жатакана, медициналык кызмат, социалдык жана укуктук жардам берилет.

Азыр бул жерде 24 аял жана 17 бала бар, социалдык кызматтар "Кайрымдуулук борбору" коомдук фондусунун эсебинен көрсөтүлөт. Бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 624,0 миң сом каралган.

Борбордо өзүнүн кир жуучу жайы, чач-тарачы, душ бөлмөсү жана ашканасы бар. Медициналык кызматын №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери көрсөтүшөт.

Документи жок  аялдар үчүн Ленин райондук  үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн (УБКБ) адистери паспортун жана туулгандыгы тууралуу документтери калыбына келтирүүгө жардам берет.

Колдоо үйү Трудовая көчөсү, №10 дареги боюнча жайгашкан. Толук маалыматты 64-11-09 телефон номери боюнча алсаныздар болот. Директору Роза Казиевна 88-38-99, Мунара Смаилова  УБКБнын адиси - 0702323530.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!