Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев жана  Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Гульнара Молдобаева менен биргеликте  Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Милиция кызматкерлеринин кеңсесине төрт комплект компьютердик жабдуу  жана эки көп функционалдуу принтер белек кылынды.

М. Нусувалиев ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кандай шарттар болбосун шаардыктардын  коопсуздугун сактап, мыйзамдуулукту  жана тартипти орноторун белгиледи.

Бишкек шаарынын мэриясы кесиптик майрамыныздар менен куттуктайт жана бекем ден-соолук, бакыт жана бакубатчылык, Мекенибиз үчүн кызмат кылууда ийгиликтерди каалайт!  

Бишкек –сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!