Шаар ишин улантууда. Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев арыктар боюнча көйгөйлөр бар көчөлөрдү кыдырып текшерүүдө.

Ч. Чыныбаев Репин көчөсүнөн өтүп,  Жайыл-Баатыр көчөсүнөн “Арча Бешик” жаны конушунун  батыш жагындагы Күйүков көчөсүнө чейин кыдырды.

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасына жалпы узундугу 560 погон метрди түзгөн жаңы сугат арыктарын орнотуунун  сметалык наркын эсептеп чыгууну тапшырды.

Сугат тармактарын төшөө 2021-жылдын өндүрүштүк иштеринин титулуна киргизилет.

Урматтуу шаардыктар! Райондун бардык суроолору боюнча фото фактыларды аким Чынасыл Чыныбевдин 0708511702 жеке номерине   же муниципалитеттин күнү-түнү иштеген колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу жиберсеңиздер болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун  WhatsApp:0554182185 номери кабыл алат.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!