Бишкек шаарынын мэриясы шаарды жашылдандырууну улантууда. Бүгүн калаада күзгү бак-дарактарды отургузуу сезону башталды. 

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Кара-Жыгач конушунун жанындагы Анкара жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакка акациянын 80ден ашуун көчөттөрүн отургузушту. Бул жерге ясендин көчөттөрүн отургузууну да пландап жатабыз. Жумуш уланууда.

Ал эми шаардын чыгыш тарабында Салиева көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин 80 каталпанын көчөтү отургузулган. Буга чейин аталган аянтта көчөнү сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн ирригациялык арыктарды төшөө иштери жүргүзүлүп келген.

Ошондой эле, жерди пландаштыруу боюнча иштер жүргүзүлдү, тактап айтканда, топурактын деңгээлин түшүрдүк, таштандыларды, таштарды алып салдык, бутактарды санитардык бутоо иштерин жүргүздүк, бак-дарактардын таажыларын көтөрүп, авариялык абалдагы көчөттөрдү  алып салдык.

Бишкек - сүйүктүү жашыл шаарыбыз!