Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы  коомдук жайлардагы көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда.

Күз келди, жалбырактар түшүп,  абанын температурасынын төмөндөй баштады, мунун менен бирге  жалбырактарды,  чүпөрөктөрдү жана резиналарды өрттөө фактылары көбөйүүдө.

Резинадан, таштандылардан жана жалбырактардан чыккан түтүн көмүр кычкыл газынын булагы болуп, адамдын ден-соолугуна залакасын тийгизип, аларды өрттөө борбордогу абаны өтө булгап, шаардын биологиялык ар түрдүүлүгүн жок кылып жаткандыгын шаардыктарга  тынымсыз эскертип келебиз.

СЭИ инспекторлору Кырман жана Кудрук көчөлөрүнүн эки тургунуна  Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүп, 3-категориядагы айып пул - 5 500 сом (жеке адамдар үчүн) салды.

Тилекке каршы, тиешелүү аймактарда тартип жана тазалыкты сактабагандар бар, алар: Бейшеналиева көчөсү, 44 дарегиндеги дүкөндүн ээси, Айтматов проспектисиндеги «Даамдуу» тез тамактануу жайы, Күрөңкеев көчөсү, 89 дарегиндеги «Эляй» компаниясынын ээлери, Глобус супермаркети, Осмонкул көчөсү, 340 дарегиндеги «Лима» компаниясы, №7 кичи районунун 28 үйүндөгү «Кей Джи» медресеси, Анкара көчөсү, 5 дарегиндеги «Азия Моторс» компаниясы, Бөкөнбаев көчөсү, 63 дарегиндеги «Шатинвест»  компаниясы, «Тунгуч» кичи районундагы «Бир туугандар» кафеси, Пушкин көчөсү, 182 дарегинин жашоочулары көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыктары үчүн айып пулга жыгылышты.

Экинчи категориядагы айып салууга алып келген 70-берене боюнча айып салууга аргасыз болдук: жеке жактарга - 3000 сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйлөрүңүздүн жана кеңселериңиздин айланасында тартипти сактаңыздар, таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабаңыздар жана  өрттөбөңүздөр! Тазалык жана тартип - вируска каршы күрөшүүнүн эң башкы шарты! Сураныч! Өзүңүздөргө жана  жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Урматтуу шаардыктар! Шаардын тазалыгын сактайлы! Мэриянын санитардык-экологиялык күзөт кызматынын байланыш телефону: 0 705 564756

Бишкек сүйүктүү шаарыбыз!