Шаар өз ишин улантууда. Октябрь районунун башчысы Константин Куценко Тоголок Молдо атындагы №71 орто билим берүүчү мектеп-интернаттын абалын текшерди.

Мектепте миңге жакын окуучу билим алса, анын 900 окуучу онлайн режиминде окушат, анын ичинде Элистан балдар борборунан 40 жарым жетим балдары билим алат. Быйыл эле электрондук түрдө 100гө жакын окуучу биринчи класска кабыл алынды.

Азыр мектеп-интернаттын 105 окуучусу мектепте үзгүлтүксүз билим алууда, балдар үчүн англис, корей тилдерин үйрөтүүчү тил курстары, хор, комуз, вокал, бий, көркөм өнөр ийримдери иштеп жатат. Ошондой эле, "Алтын Түйүндүн" базасында техникалык клуб иштейт, алар көркөм кол өнөрчүлүк, токуучүлүк боюнча билим алышат, мындан тышкары,  спорттук секциялар: таэквондо, волейбол, футбол, стол тенниси, шахмат ийримдери, ошондой эле  тамак-аш даярдоо, тигүү жана чачтарач сабактары уюштурулган.

К.Куценко мектепке жеке коргонуу каражаттарын жана дары-дармектерин тапшырды.

Баса, мектепте 105 кызматкер эмгектенет, анын 53 мугалим, 12 тарбиячы, 40 тейлөөчү кызматкер.

Бишкек -  сүйүктүү шаарыбыз!