Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда.

Бул ирет мыйзамсыз орнотулган жарнама реконструкциялары алынды.  Атайын бөлүм  Сүйөркулов, Горький көчөлөрүн жана Чүй проспектисин кыдырып, 99 жарнама конструкциясын демонтаждады. Түшүндүрүү иштеринен кийин №10 кичи районунун №26 үйүнүн жанындагы темир стеллаждар ээлери тарабынан алынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Калаада жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз!
Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүз, анда бул номерге чалып, жазыңыз: 0777 147 493.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @ uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!