Шаарда кышка даярдык көрүү иштери улантылууда.

Муниципалдык автобустар сезондук тейлөөдөн өтүп, дөңгөлөктөрү жана мотор майлары алмаштырылууда. Кыймылдаткычтарды иштетүү,  жылытуу, жүргүнчүлөр салонун желдетүү тутумдарын, эшиктин иштешин текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Кабатыр болбоңуздар, транспортторду кышкыга даярдоо иштери  биринчи кар жааганга чейин бүткөрүлөт.

Ошондой эле, коопсуздукту жана жол кыймылын камсыздоо максатында ай сайын автобустун айдоочуларына окутуулар өткөрүлүп турат.

Урматтуу шаар тургундары! Коомдук транспортко байланыштуу көйгөйлөр болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:

• Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы: 0550143637;

• Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

• Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700 411905

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!