Урматтуу шаар тургундары! Аялдардын эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын Кыргыз Республикасында спортту өнүктүрүүдөгү жогорку эмгектерин эске алуу менен, Москва көчөсү 191 дарегиндеги үйдөн  муниципалдык үч бөлмөлүү батирди спортчуга кайтарымсыз  берүү жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору иштелип чыкты.

24-мартта, долбоор белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешинин  сессиясында бекитүү үчүн шаардык кеңешке сунушталды.

Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин 19-ноябрда боло турган кезектеги ХХХIII сессиясынын күн тартибине киргизилди.

Маалымдама: Тыныбекова Айсулуу Болотбековна - аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча спорт чебери, Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону, Азия Чемпионатынын жеңүүчүсү, 2012-жылдагы Лондон Олимпиадасынын катышуучусу, эл аралык турнирлердин көп жолку жеңүүчүсү, 2017-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси.

2019-жылдын 14-22-сентябрь күндөрү  Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда А.Тыныбекова жеңишке жетип, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону наамын жеңип алды.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!