Кутман таң! Бүгүн борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоого түн ортосунда чыктык.

Болжол менен көчөлөргө  413 тонна техникалык туз себилди. Эмне үчүн туз себилди, бул жерден окусаңыз болот: http://www.meria.kg/ru/post/19722.

Бүгүнкү күндө жол тейлөө бөлүмүнүн 25 кызматкери 38 бирдик атайын техниканы тартуу менен иш алып барышат: МАЗдын базасында 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 5 "Беларусь" кичи трактору, 2 жүк ташуучу ЗИЛ-130 жана 2 фронталдык жүктөгүч ишке тартылды.

Бишкек шаарында штаттык режимде калааны тазалоо үчүн  662 короо шыпыргыч, 118 жүктөгүч, 28 көрктөндүрүүчү, жол тейлөө бөлүмүнүн  кызматкерлери жана таштанды чыгаруу боюнча 100 адамдан турган бригада иштеп жатышат.

Шаарды муздан, кардан тазалоо  тынымсыз уланат.

Жолдорду, тротуарларды кардан жана муздан тазалоого байланышкан маселелер боюнча калаанын кол-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу баланышсаңыздар болот, ал эми сүрөт жана видеолорун 0554 182 185 номерине жибериңиздер!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!