Шаар өз ишин улантууда. Муниципалдык коомдук  транспорттордо «Тулпар» накталай эмес төлөө тутуму толугу менен иштеп жатат.

17-ноябрга карата 131 миңге жакын адам стандарттуу көк тулпар карталарын сатып алышты. Шаардагы 42 мектептин 9 миң окуучусунда жашыл мектеп карталары  бар. 41 миңден ашуун картаны  пенсионерлер, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана почтальондор жеңилдетилген  кызыл карталарды акысыз алышты.

Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Көк картаны "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О, Мегаком, Beeline мобилдик операторлорунун кеңселеринен, автобус жана троллейбус айдоочуларынан  сатып алууга болот. Картанын  баасы - 50 сом (баага 1 сапар кирет). Көк стандарт карталарды сатуу пункттары https://www.tulpar-card.kg/about/buy/

Окуучулардын "Тулпар" картасын  алуу дагы жеңилдеди. Жашыл «Тулпар» картасын алууга онлайн режиминде арыз калтыруу мүмкүнчүлүгү  иштелип чыкты. Эми сиз үйүңүздөн чыкпай арыздарды калтыра аласыз. Арызды калтыруу үчүн, сиз https://www.tulpar-card.kg/about/buy/ сайтына киришиңиз керек. Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматындагы окуучунун сүрөтүн (сүрөт документтегидей болушу керек) жана бардык керектүү документтерди (окуган жеринен маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) жүктөө керек. Эгерде сиз баардыгын туура толтурган болсоңуз, анда арызыңыз адистер тарабынан каралып, карта 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.

Жарандардын жеңилдетилген категориясы: пенсионерлер, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана почтальондор, карталарды райондук  акимиаттардын базасындагы тейлөө борборлорунан акысыз алышат. Борборлордун номерлерин калтырабыз:

• Свердлов району: 58-69-84;
• Октябрь району: 58-63-03;
• Биринчи Май району: 58-01-25;
• Ленин району: 58-94-25.

Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр!  «Тулпар» мобилдик тиркемеси иштелип чыккан.

AppStoreдон: https://apps.apple.com/ru/app/%D1%82%D1%83%D0%BB%% D0%BF%D0%B0%D1%80/id1500758348
Android  колдонуучулары  үчүн Play Marketте: https://play.google.com/store/apps/details?id=com.bpcbt.billet.clientv2&hl=ru  жүктөп алууга болот.

Эгерде сизде Тулпар картасын колдонууда кандайдыр бир суроолор же көйгөйлөр жаралса, анда 582000 ишеним телефонуна чалып же бизге Telegram мессенджерлеринде (https://t.me/tulpar_card) жазсаңыз болот.
Коомдук транспорттун иши боюнча биз ар дайым байланыштабыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!