"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Октябрь районундагы сырткы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда.

Ишкананын кызматкерлери Ботанический жана Садовый чолок көчөлөрүнө тышкы жарыктандырууну орнотту.  Азыр 12 светодиоддук чырак аталган көчөлөрдүн жолдорун жарык кылууда.

Анкара көчөсү  Субан-Ата көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин 2 миң 610 метр, ошондой эле  Саманчин көчөсүнүн Б.Баатырдан №17 үйгө чейин  600 метр жылаңач зым өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган зым  менен алмаштырылды.

Жарыктандыруу №3, №6, №7, №8, №10 кичи райондорунда - №40, 41, 42, 28, 29, 30, 30а, 20, 21, 22, 25, 26, 27, 28 үйлөрүнүн короолорунун ичинде жүргүзүлүп,  тышкы жарыктандыруу үчүн  70 түркүк,  84 чырак орнотулуп, 2 миң 900 метр электр чубалгылары тартылды.

Ташкөмүр көчөсү Политехнический көчөсүнүн батыш тарабынан баштап тышкы жарыктандыруу үчүн жаңы темир бетон түркүктөр орнотулуп, ага 10 светодиоддук чырак орнотулду.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

"Бишкекжарык" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар, чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!