Шаар өз ишин улантууда. Акимдер шаар тургундары менен дайыма байланышта. Пандемия өзгөртүүлөрдү  киргизгенине карабастан, район акимдери санитардык нормаларды сактоо менен шаар тургундары менен ар дайым байланышта болуп жатышат. Жолугушуулар эми иш күндөрү, дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 16: 00дөн 18: 00гө чейин өткөрүлөт.

Бүгүн, Ленин районунун акими Чынасл Чыныбаевдин жеке кабыл алуусу   Ак-0рдо конушундагы Роза Люксембург көчөсүн текшерүү менен аяктады. Канализация түтүгү тартылгандан кийин жолдорду калыбына келтирүү  боюнча көчөнүн жашоочулары бизге кайрылышкан.

Район башчысы  тургундардын көйгөйлөрүн  угуп, куураган бактарды бутоону жана айтылган көйгөйлөрдү тезинен карап чыгууну, аларды чечүү үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Ч.Чыныбаев тургундарга мүлк жана жер салыгын төлөөнү эскертти.

Октябрь районунун акими Константин Куценкого беш адам кайрылды. Тургундардын көбү материалдык колдоо жана пенсионерлерди жумушка орноштуруу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Урматтуу шаардыктар! Бирдиктүү терезеге кайрылып, район башчыларынын жеке кабыл алууларына жазылып, үйлөрүңүздөрдүн, көчөлөрүңүздөрдүн жана кварталдарыңыздын көйгөйлөрү боюнча арыздарды калтырсаңыздар болот.

Октябрь району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Байтик-Баатыр көч., 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, adm-oktyabr@bk.ru

Биринчи май району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Жибек-Жолу көч, 348 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), телефон: 32-51-60, 62-46-35, adm-pervomai@meria.kg

Свердлов району, (0312) 36-01-93, Чүй проспектиси  28, иш күндөрү саат 8: 30дан 17: 30га чейин, 418 кабинет, adm_sverdlov@meria.kg

Ленин району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Чүй пр., 315 (фойенин сол тарабында, Ленин акимиатынын биринчи кабаты), тел: 65-69-05, adm-leninski@meria.kg

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!