Мэрдин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаев, транспорт  саясат боюнча шаардын  вице-мэри Азиз Алымкулов жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Ташуучулар бизге №283 маршруттук автобустар менен линияны басып алышкандыгы жөнүндө  билдиришти. Окуя болгон жерге ыкчам мобилдик топ жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталды, №283 кичи автобустар линияга уруксатсыз кирген,  маршрут борбордук көчөлөр менен жүрүп, Грозд айылындагы акыркы токтотмого чейин каттап жаткан.

ИИМдин Патрулдук милиция кызматынын (ЖККББ) кызматкерлери №283 маршруттук  каттамдын  айдоочуларына  чыгыш автобекетинин көзөмөлдөөчү механигинин жана  линияга чыгууга уруксат документтеринин жоктугу боюнча административдик протоколдорду түзүштү.

Ошондой эле, аталган факт боюнча, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмактык-габариттик көзөмөл агенттигине кат жөнөттү.

Аталган  каттам убактылуу токтотулду.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы мыйзам чегинде гана иштейт.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!