Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү «Бишкекшаарлифт» МИнин, «Бишкексууканал» ӨЭБнин, “Бишкек санитардык полигону” МИнин, Санитардык экологиялык инспекциясынын кызматкерлери үчүн, санитардык эрежелерди жана аралыктарды сактоо менен, “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде  жүргүзүү” деген темада окутуучу семинарларды өткөрдү.

Ошондой эле  семинарларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамадагы” өзгөрүүлөр каралды.

Мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү бул багыттагы семинарларды, окутууларды дайыма өткөрүп келет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!