Урматтуу шаар тургундары! Эртең, 19-ноябрда саат 9:00дөн  20:00гө  чейин Киров суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу  Абдрахманов, Фрунзе, Сүйүмбаев көчөлөрү жана Жибек-Жолу проспектиси чектешкен аймакта таза суу берүү токтотулат.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан суроолор менен 1533 – шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна  чалсаңыздар болот. Ошондой эле, бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!