Калаанын ишкер чөйрөсүн, ишкерлерди колдоо жана өнүктүрүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестиция департаменти Кыргыз Республикасынын АКШ Эл аралык Өнүктүрүү Агентствосунун (USAID) гранттык долбоорлору менен таанышуу үчүн онлайн конференция уюштурууда.

Үч долбоордун бет ачары болот:

• "Атаандаш ишкана" долбоору - ишканаларды өнүктүрүү үчүн гранттарды берет.

• "Ишкерлерди жана ишкер  чөйрөнү өнүктүрүү" долбоору көптөгөн багыттар боюнча чакан жана орто бизнес үчүн тренингдерди, консультанттарды сунуштайт.

• "АгроСоода” долбоору, дыйкандарга орто азия аймагындагы өлкөлөр менен соода байланышын өркүндөтүүгө жардам берүү, ошондой эле фермерлерди бажы, соода процедураларына үйрөтүү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу.

Онлайн-жолугушуу 20-ноябрда саат 15:00дөн 17:00гө чейин ZOOM тиркемесинде видео конференция режиминде өткөрүлөт.

Урматтуу ишкерлер жана менеджерлер! Конференцияга катышуу үчүн 2020-жылдын 20-ноябры,  түшкү саат 12:00гө чейин 0709373899 ватсап номерине  жазып, же  670145 номерине чалып катталыыз.

Толук маалыматты Экономика жана ишкерликти  колдоо бөлүмүнөн алсаңыз болот: 670145.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!