Муниципалитет  шаарды жана шаардыктарды санитардык нормаларды бузгандардан  коргоо боюнча ишин улантууда.

Шаардык транспорт башкармалыгынын, Троллейбус башкармалыгынын  жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын кызматкерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун,  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциясынын адистери менен  биргеликте коомдук транспорттордун салондорду күн сайын текшерип турушат.  Орундуктардын  санына жараша санитардык тазалык жана аралык сакталуусу, санитайзерлердин болуусу  милдеттүү.

18-ноябрга карата 5200гө жакын унаа санитардык текшерүүдөн өттү.

1-июндан тартып Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан айдоочулардын укук бузуулары боюнча Кодекстин 150-беренесине ылайык, 234 протокол түзүлүп,  239 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле  9 жеке менчик ташуучу компаниянын башчыларына 293-берене боюнча протоколдор түзүлүп, айып пулдун суммасы 117 миң сомду түздү.

Бишкек шаары боюнча патрулдук милиция  жана Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан  419 миң 500 сомдук 157 протокол түзүлдү.

Транспорттук блок үчүн айып пулдардын жалпы суммасы 775,500 сомго жетти.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Санитардык эрежелерди сактооңуздарды өтүнөбүз, вирус шаарыбызда, ал өтө кооптуу! Жоопкерчилик ар бирибиздин мойнубузда!

Санитардык талаптар, гигиена, антисептиктер, аралык вируска каршы күрөшүүдө бизге жардам берет.
Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!