Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу шаардыктар!

Түндүн бир оокумунан баштап "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалашты.

Бүгүн, 38 бирдик атайын техниканы тартуу менен жол тейлөө бөлүмүнүн  25 кызматкери ишке чыгып, МАЗ базасында 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 5"Беларусь" кичи  трактор, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү  2 жүк ташуучу жана 2 фронталдык жүктөгүч калааны тазалоого тартылды.

Эртең менен болжол менен 318 тонна техникалык туз сарпталды.

Учурда штаттык режимде  659 короо шыпыргыч, 120 жүктөгүч, жол тейлөө бөлүмүнүн  кызматкерлери жана таштанды чыгаруу үчүн 98 адамдан турган топ иштеп жатышат.

Жолдорду, тротуарларды кардан жана муздан тазалоого байланышкан маселелер боюнча калаанын кол-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу баланышсаңыздар болот, ал эми сүрөт жана видеолорун 0554 182 185 номерине жибериңиздер!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!