Шаардык кызматтар калаанын көйгөйлүү бөлүктөрүндө текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Көйгөйлөрдүн бири - Үсөнбаев көчөсүнүн  Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жол иштериндеги тоскоолдуктар.

Белгилей кетсек, Бөкөнбаев көчөсүнөн  Москва көчөсүнө чейинки  бөлүгүндө  жаңы асфальт төшөө иштери аяктады, калган бөлүгүндө тоскоолдуктар бар.

Свердлов райондук акимиатынын, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жана  бөдрөтчү "Чуй прокси" курулуш компаниясынан турган жумушчу комиссия аталган дарекке келип, текшерип чыгышты. Бул жерде болжол менен 5 үйдүн  ээлери уруксатсыз тосмолорду орнотуп, унаа жолун кыйла кыскартышкан. Чоңдорго, андан дагы балдарга бул бөлүктө унаалар өтүп бара жатканда өтө коркунучтуу.

Текшерүү учурунда  муниципалдык жерди кайтаруу чечими кабыл алынып, мыйзамсыз тосмолорду бузуу үчүн жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына кат жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, электр чубалгыларынын түркүктөрү дагы тоскоолдуктарды жаратып жаткандыктан, Чыгыш Рэс темир бетон түркүктөрүн жылдырды.

Жолдун туурасы 7 метрди, ал эми тротуар 1,5 метрди түзөт.

Текшерүүлөр улантылууда ...

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!