COVID-19 пандемия, өзүн-өзү изоляциялоо режими көптөгөн терс кесепеттерге алып келди, тилекке каршы, аялдар, жаш балдар зордук-зомбулукка жана кордукка кабылышат.

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болгон учурда ыкчам комплекстүү жардам көрсөтүү боюнча райондук мобилдик топтор ишин улантууда.

Ленин Акимиаты БУУнун Кыргыз Республикасындагы калк фонду менен биргеликте, Кризистик Борборлор Ассоциациясы жана Улуттук Кызыл Ай Коому менен биргеликте мобилдик топтордун мүчөлөрү үчүн тренинг өткөрүштү.

Адистер райондук ички иштер бөлүмүнө билдирүү келип түшкөндө жана үй-бүлөлүк зомбулук фактысы болгон жерде иш-аракеттердин алгоритминин өзгөчөлүктөрү, жабырлануучу, айыпталуучу менен чыныгы иштердин негизинде сүйлөшүү жүргүзүү ыкмалары жөнүндө кеңири айтып беришти.

Тренингге муниципалдык администрациянын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жергиликтүү аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери, ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнүн улук кызматкерлери, РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук инспекторлору, нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн сурап-билүү кызматынын кызматкерлери катышты.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!