Бишкекте пандемияга карабастан, шаарды булгануудан туруктуу сактап, жашылдандырып келе жаткан көзгө көрүнбөгөн баатырлар бар - бул биздин "Тазалык" жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын  кызматкерлери.

Ар бир кызматкердин үй-бүлөсү, балдары бар. Турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча борбордун вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин демилгеси менен Президент Мохаммад Абед Эль Жажи өкүлү болгон Smart generation ("Смарт дженерейшн")  коомдук фонду ишкананын 200 кызматкерине колдоо көрсөттү.

Тазалыктын 150 кызматкери жана "Бишкекжашылчарбанын" 50 багбаны азык-түлүк себеттерин алышты, топтомдо 25 кг ун, 5 кг күрүч жана 5 литр май бар.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия мезгилинде биздин кызматкерлер тарабынан көрсөтүлгөн колдоо үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!