Бүгүн, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) демилгеси менен дүйнө жүзү боюнча гендердик зомбулукка каршы, кыздарга жана аялдарга карата зомбулуктун алдын-алууга жана жоюуга багытталган 16 күндүк өнөктүк башталды.

Борбор калаанын мэриясы четте калган жок, тилектештиктин белгиси катары биз бардык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу акциясына кошулабыз. Кантсе да, биз зордук-зомбулук жок, коопсуз шаарда жашашыбыз керек.

Акциянын алкагында шаардык мэриянын имаратында кызгылт сары түс 16 күн күйөт.

Аялдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу өнөктүгү Адам укуктары боюнча эл аралык күнүнө чейин, 10-декабрга чейин уланат.

Маалымдама: саргылт түс бүгүнкү күндө аялдар зордук-зомбулукка дуушар болбогон жакшы келечекке үмүттү билдирет.

Бишкек - сүйүктүү коопсуз шаар!