Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы  коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/24079), бардык тургундар менчигинин түрүнө карабастан, 10 метр радиуста тазалыкты жана тартипти сакташы керек.

Тилекке каршы, бир катар уюмдар ушул кезге чейин айлана-чөйрөнүн тазалыгын сакташпайт. Алардын бири тез даярдалган кесме «Алькони Интернейшнл Компани» компаниясы. Анда иштеген кызматкерлер кесмени жерге төгүп  кетишкен. Компанияга карата Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 71-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү.

Ушул эле берене боюнча «Нурс Мебель» компаниясы дагы айыпка жыгылды.

Белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөө, 71-беренеси боюнча  Жибек-Жолу проспектисиндеги «Бад Фарм», Москва көчөсүндөгү «Неман Фрам» компанияларына жана Курманжан датка көчөсүндөгү «Улетные цены» дүкөнүнө айып пул салынды. (айып пул: жеке жактарга – 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга -17 миң  сом).

Ошондой эле, тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Элебесов көчөсү, 151 дарегиндеги СТОго, № 4 кичи районундагы «Народный» соода үйүнө 70-беренеге ылайык протоколдор түзүлдү.

Жыл башынан бери ушул үч берене боюнча (70, 70.1., 71.2.) 5 миллион 13 миң 500 сом суммасында 531 протокол түзүлгөн.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн, кеңсеңиздердин айланасын таза кармаңыздар, белгиленбеген жерге таштанды таштабаңыздар, көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар. Тартип жана тазалык – бул вирус менен күрөшүүнүн бир жолу.

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0 705 564756.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!