Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы шаарды мыйзамсыз объектилерден “тазалоо” иштерин улантууда.

Атайын бөлүм  Орто-Сай соода-базар комплексинин айланасын, айрыкча Октябрь районунун борбордук көчөлөрүн, М.Горький көчөсүн Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүктү  тартипке келтирди. Жалпысынан мыйзамсыз орнотулган 24 штандер жана 36 баннер алынды.

Ошондой эле, Чыгыш-5 кичи районунда мыйзамсыз орнотулган эки күркө алынып,  36 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Бизге шаардыктардан Көк-Жар конушундагы унаа токтоочу жайга орнотулган темир тосмонун мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылуу келип түшкөн. Биз аталган жерге  барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин шаардыктар тосмолорду өз ыктыярлары менен бузушту.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер!

Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону, ошондой эле мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектилер жөнүндө кайрылууларды 0777147493 номерине билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @ uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!