"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекстер үчүн түркүктөрдү орнотуу  маселеси боюнча көчмө жыйындар өткөрүлүп жатат.

Көчмө текшерүүлөрдү мамлекеттик жана шаардык кызматтардын кызматкерлери, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери, ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн сынактын жыйынтыгы боюнча келишим түзүлгөн Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясынын өкүлдөрү жүргүзүүдө.

Адистер кагаз жүзүндөгү эсептөөлөрдү текшеришип, долбоордун башкы инженеринин АПК түркүктөрүн орнотуу пландарына ылайык, 40тан ашык көчө кесилиштерин деталдуу изилдөө жүргүзүүдө.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!