"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ала-Арча дарыясынын суусунун өтүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн музду кол менен жарып чыгарышууда.

Лев Толстой менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги суунун жээгинде жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Биз иштин татаалдыгына жараша эки ыкманы колдонобуз: кол менен жана механикалаштырылган. Так ушул тапта биздин кызматкерлер музду кол менен майдалап жатышат, декабрь айынын орто ченинде, муз катып калганда атайын шаймандар колдонулат.

Тазалоо иштери сууда муздун топтолушуна жана тыгындардын пайда болушуна жол бербөө, башкача айтканда, муздун эришинен улам жакын жердеги үйлөргө жана имараттарга суу каптап кетишин алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Шыргалаңдар  көбүнчө абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнөн жана кар менен муздун эришинен пайда болуп, жээктерден суунун ашып кетишине алып келет. Ошондой эле, шыргалаңдын пайда болушу  менен Ала-Арча дарыясында жайгашкан суу алгычтардын тешиктери бүтөлүп, гидротехникалык курулмалардын иштешин татаалдашат.

Дарыянын абалын КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!