Шаар ишин улантууда. Бизге шаар тургундарынан калаанын жолдорунун жана тротуарларынын абалы боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Буга байланыштуу «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы күн сайын шаардыктарды кабыл алууда, албетте санитардык эрежелерди катуу сактоо менен.

Жолугушуулар дүйшөмбүдөн жумага чейин, күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт. Жеке кабыл алууга 377717 номери аркылуу жазылсаңыздар болот. Дареги: Хвойная көчөсү, 70.

Ошондой эле, шаар тургундарынын кайрылууларынын  фото жана видео фактыларын  WhatsApp: 0558 888358 номери кабыл алат.

Урматтуу бишкектиктер! Сиздерден санитардык эрежелерди сактооңуздарды өтүнөбүз! Бет кап кийип, колуңуздарды антисептик менен тазалап, аралыкты сактаганды унутпаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!