Шаардык администрацияда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Карынбаев Аскат Асаналиевич ротация тартибинде мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы кызматына которулду.

Бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Кадыров Азамат Кадырович дайындалды. Ал буга чейин аталган башкармалыктын башчысы кызматын убактылуу милдетин аткарып келген.

Шаардык чарба департаментинин директору болуп Эшенбаев Нурлан Саматович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!