Эртең, 3-декабрда Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү белгиленет. Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясы өзгөртүүлөрдү киргизип, быйыл салттуу иш-чаралар болбойт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 7 миң 122 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бир жолку төлөм түрүндө, анын ичинде миң балага даректүү социалдык жардам көрсөтүлдү, алар таттуу белектерди алышты.

Район башчылары дагы атайын шаардыктарды колдоп, үйлөрүнө барып, белектерди тапшырып жана райондук администрациялар аркылуу да  материалдык жардам көрсөтүшүүдө.

Белгилей кетсек, даректүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер улантылып жатат, борбордо 22 түрдөгү даректүү жардам көрсөтүлөт, анын ичинде төлөм түрүндө:

• согуштун майыптарына, тылдын эмгекчилерине 1,3 миллион сом өлчөмүндө кварталдык социалдык стипендия;
• ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан турган 2,625 үй-бүлөгө 14,9 млн. сом өлчөмүндөгү катуу отунга (көмүргө) акчалай компенсация;
• Майыптардын 3,360 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө 6,7 млн сом өлчөмүндө кварталдык стипендия;
• 3450 үй-бүлөгө, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген үй-бүлөлөргө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн 15 млн. сом өлчөмүндөгү турак жай субсидиялары;
• Бишкек шаарында гана 1; 2; 3 топтогу майыптар, майып балдар шаардык транспортто акысыз жүрүшөт.

Мындан тышкары, шаардык мэрия ар кандай коомдук уюмдар, бирикмелер жана атайын жарандардын борборлору менен кызматташат.

Эске салсак, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын курамына 13 мекеме кирет: 4 райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, эки карылар жана майыптар үйү, турмуштук оор кырдаалда калган балдар үчүн үч борбор, "Коломто" МИ, балдарга жардам берүү борбору, "Ардагер", ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шаардыктардын шаардык калыбына келтирүү  борбору.

Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 12 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катталган, анын ичинде:

- 13 Экинчи Дүйнөлүк согуштун майыптары;
- Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюунун натыйжасында майып болуп калган 313 адам, Советтик Армиянын майыптары, майып интернационалисттер, майыптык топтогу тылдын эмгекчилери;
- 2955 жалпы оорусу бар майыптар (I, II, III топтор);
- 2634 көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- 18 жашка чейинки жана андан улуу 6349 майып балдар.